www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Евробиримдиктин кысымына баш ийбей, Бээжинден Орусиянын Украинадагы аракеттерине катаал жооп кайтарууну талап кылууда. Евробиримдик менен виртуалдык ачык саммиттин жүрүшүндө кытай лидерлери украин кризисин «өз жолу менен» жөнгө салууну көздөй турганын айтышты. Бул тууралуу «NazarNews» маалымат агенттигине «CCTV plus» кабарлады.

Кытай Евробиримдикке Орусияга карата катаал позицияны кармануу үчүн Брюсселдин кысымына туруштук берип, Украинада тынчтыкка умтуларын убада кылды.

Си Цзиньпин Евробиримдиктин лидерлерине Украина кризисинин түпкү себеби «Европадагы аймактык коопсуздук чыңалуусу» экенин жана «фундаменталдуу чечим бардык катышкан тараптардын мыйзамдуу коопсуздук кызыкчылыктарын эске алуу экенин» айтты.

Кытай лидери саммиттин жүрүшүндө негизги чечим бардык тиешелүү тараптардын мыйзамдуу коопсуздук кызыкчылыктарын эске алуу экенин айтты. Си Цзиньпин ошондой эле Кытай менен Евробиримдик коомчулуктун ишенимин арттыруу үчүн кырдаалды көзөмөлгө алуу, кризистин жайылышына жол бербөө жана эң негизгиси дүйнөлүк экономиканын системасын, эрежелерин жана негиздерин туруктуу кармоого милдеттениши керектигин белгиледи.

Өз кезегинде, премьер-министр Ли Кэцян Кытай ар дайым тынчтыкка умтулуп, сүйлөшүүлөрдү алдыга жылдырып, эл аралык коомчулукта конструктивдүү ролду ойноого даяр экенин билдирди.

Буга чейин Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Бээжиндин орус-украин чатагынын курчушуна катышуусу тууралуу жалган маалымат таратуу аракеттери тууралуу эскерткен. 18-мартта Кытайдын лидери Си Цзиньпин Евробиримдик менен АКШны Москва менен европалык коопсуздук кепилдиги боюнча диалог баштоого чакырды.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости