www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кембридж университетинин окумуштуулары бейтаптардын клеткаларынан адамдын миниатюралык органдарын, тактап айтканда органоиддерди өстүрө баштайт. Долбоордун максаты – дарыларды сыноону так жүргүзүп, медициналык изилдөөлөрдө жаныбарларды колдонууну азайтуу.

Өлчөмү бир миллиметрден кичине органоиддер аркылуу оорулардын ар кандай адамдарда кандай өнүгөрүн жана алардын ткандары дарыларга кандай реакция кыларын изилдөөгө болот. Бул конкреттүү бейтап үчүн натыйжалуу дарылоону тезирээк аныктоого жардам берет.

Кембриджде долбоор үчүн 20 миллион фунт стерлинг каржыланган атайын изилдөө борбору түзүлүп, анда стандартташтырылган органоиддердин базасы түзүлөт.

Алгач окумуштуулар Крон оорусу, жаралуу колит, рак жана неврологиялык ооруларды изилдөөгө басым жасашат. Долбоор Британиянын илимий изилдөөлөрдө жаныбарларды колдонууну азайтуу стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.

Ошол эле учурда адистер жакынкы жылдары жаныбарларга жүргүзүлгөн сыноолордон толук баш тартуу мүмкүн эмес экенин белгилешүүдө.

Последние новости