www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгында Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерине анын кызматташы тарабынан дене жаракаты келтирилген факты боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кылмыш ишин тергөөнү Чүй ОИИББнин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Окуянын бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен мыйзамда белгиленген мөөнөттө тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.

Чүй ОИИББнин жетекчилиги кызматкерлер арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин бузулушуна байланыштуу фактыларга принципиалдуу мамиле кыларын билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кызматкердин ээлеген кызматына, атайын наамына жана эмгек сиңирген жетишкендиктерине карабастан, күнөөсү аныкталган учурда ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү катуу чаралар көрүлөт.

Последние новости