www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарында милицияда көп жылдан бери иштеген кызматкерлер жаш милиция кызматкерин катуу сабашкан. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришкен.

Алардын маалыматына караганда, 2026-жылдын июнь айында Чүй облустук милициянын кайгуул-күзөт кызматынын бир нече кызматкери шаар сыртындагы «Сахзавод» аймагына барышкан. Ошол жерде көп убакыттан бери иштеген тажрыйбалуу кызматкерлер жаш милиционерлерге карата күч колдонушкан. Аларды колу-буту менен гана эмес, таяк менен да сабаганы айтылууда.

Маалыматка ылайык, Р.Н.Р. аттуу кызматкер жамбашынан оор жаракат алган. Ага операция жасалып, дагы бир операция талап кылынууда. Ал эки айдан бери үйүндө дарыланууда. Бирок Чүй облустук милициясынын жетекчилигинен азыркыга чейин эч ким барып, анын абалынан кабар алган эмес.

Айрым маалыматтар боюнча, Кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилиги бул окуяны эки айдан бери жашырууга аракет кылып келген. Ошондой эле жабыркаган кызматкерге келечекте ички иштер органдарында иштөөсүнө тоскоолдук жаратыла турганы тууралуу коркутуулар айтылганы маалымдалды.

Чүй облустук милициясы бул боюнча жакын арада маалымат берерин билдирген.

Последние новости