www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан баңгизаттарды колдонууга жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы профилактикалык иштер күчөтүлүүдө.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын жети айында өлкө боюнча 2 100дөн ашуун алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн.
Анын ичинде жаштар арасында профилактикалык иштерге өзгөчө көңүл бурулган. Окуучулар, студенттер жана алардын ата-энелери үчүн баңгизаттардын зыяндуулугу жана мыйзамсыз жүгүртүүнүн кесепеттери боюнча 600дөн ашуун лекция жана маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуусу уюштурулган.
Мындан тышкары, сергек жашоо образын жайылтуу жана баңгизатты колдонуунун алдын алуу максатында 60 спорттук иш-чара өткөрүлгөн.
Профилактикалык иштердин алкагында жарандар көп чогулган жерлерде, дарыкана уюмдарында жана көңүл ачуучу жайларда 1 300дөн ашуун рейд жүргүзүлгөн.
ИИМдин маалыматы боюнча, алдын алуу иш-чаралары жарандарга баңгизатты колдонуунун жана мыйзамсыз жүгүртүүнүн кесепеттери тууралуу маалымат берүүгө, ошондой эле алардын жайылышына шарт түзгөн факторлорду өз убагында аныктоого багытталган.
Министрлик баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана колдонууга каршы профилактикалык иштерди мындан ары да улантарын белгиледи.