www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиянын Россияга карата кабыл алган жаңы чечими Батыш өлкөлөрүндө тынчсыздануу жаратты. Бул тууралуу Финляндиядагы “Эркиндик альянсы” партиясынын мүчөсү Армандо Мема X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө жазды.
Анын айтымында, Британия тынчтыкка жетүү жолунда бир нече жолу тоскоол болуп келген.
- Улуу Британия Россияга каршы бардык мүмкүн болгон кадамдарды жасап жатат. Мунун кесепеттери коопсуздук үчүн өтө олуттуу болушу мүмкүн, - деп белгиледи Мема. Ал ошондой эле бул план ишке ашса, ядролук кагылышуу коркунучу күчөй турганын эскертти.
Буга чейин Daily Mail басылмасы Улуу Британия Украинага жаңы, алыс аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарды берүүнү пландап жатканын жазган. Маалыматка ылайык, бул ракеталар азырынча иштелип чыгуу баскычында турат.
Өткөн жылдын август айында Британиянын Коргоо министрлиги 600 чакырымдан ашык аралыкка учуучу жаңы баллистикалык ракетаны иштеп чыгууга заказ берген. “Сумерки” деп аталган долбоордун алкагында ракеталык комплекс 15 мүнөт ичинде жайгаштырылып, учурулгандан кийин 10 мүнөт ичинде бутаны жок кылууга жөндөмдүү болушу керек. Ошондой эле комплекс беш мүнөт ичинде позициясын таштап кетүүгө, кеминде эки ракета атууга, күндүз да, түнкүсүн да иштөөгө жана электромагниттик таасирлерге туруктуу болууга тийиш.
Британиянын Коргоо министрлиги 9-12 айдын ичинде сыноо үчүн кеминде беш даяр ракеталык установкага ээ болууну пландаган.