www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери таштанды полигонун долбоорлоо жана куруу учурунда каражатты туура эмес пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамдарына жана подряддык компаниялардын жетекчилерине карата Бишкекте катуу таштандыларды башкарууну жакшыртуу жана жаңы полигон куруу долбоору боюнча мамлекеттик сатып алуулар учурундагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгоду.

Алсак, кредиттик уюм тарабынан жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 2015-жылы Бишкек шаарынын мэриясына, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу, бульдозер, жүктөгүч, таштанды ташуучу унаалар, таштанды контейнерлери жана башка атайын техникаларды сатып алуу, ошондой эле "Тазалык" муниципалдык ишканасына жана "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасына арналган таштанды полигонун долбоорлоо жана куруу максатында 22 млн.евро бөлүнгөн.

Мамлекеттик сатып алуулардын айрым элементтерине жүргүзүлгөн аудиттин натыйжалары боюнча бөлүнгөн кредиттик каражаттардан бюджетке келтирилген алдын ала зыян болжол менен 182 млн.сомду түздү.

2025-жылдын 12-январында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри С.Р.А., «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.А.Ж., подряддык компанияларынын жетекчилери И.В.Р., А.Н.Б. кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда УКМК тарабынан бюджетке келтирилген зыяндын акыркы суммасын жана ага тиешелүү мамлекеттик органдардын бардык кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Последние новости