www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Иран менен соода кылган өлкөлөргө каршы бажы төлөмдөрдү киргизүү чечимине жооп кайтарарын билдирди. Бул тууралуу Кытай ТИМинин расмий өкүлү Мао Нин Пекинде өткөн брифингде айтты.
Анын айтымында, Кытай тарифтик согуштарды колдобойт жана мындай саясатта эч качан жеңүүчү болбойт. Ошол эле учурда Пекин өзүнүн мыйзамдуу укуктарын жана экономикалык кызыкчылыктарын чечкиндүү коргой турганын белгиледи.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен соода жүргүзгөн өлкөлөргө 25 пайыздык бажы төлөм киргизерин жарыялаган. Анын сөзүнө караганда, бул чаралар АКШ менен жүргүзүлгөн бардык коммерциялык ишмердүүлүккө тиешелүү болот.