www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Ботаникалык бактын аймагына футбол талаасын курууга каршы пикирин билдирди. Ал мындай объектти бул жерде курууга күмөн санап, Ботаникалык бактын негизги милдети шаар тургундары үчүн таза аба жана эс алуу шартын камсыз кылуу экенин белгиледи.
Депутаттын айтымында, футболду өнүктүрүү маанилүү болгону менен, аны Ботаникалык бактын эсебинен жүргүзүү туура эмес. Ал футбол талааларын мектептерде, университеттерде, бакчаларда жана тургундан өтүнгөн жерлерде курууну сунуштады.
Бекешовдун билдирүүсүндө, Ботаникалык бак шаардыктар үчүн уникалдуу аймак болуп саналат жана аны сактап калуу зарыл экени баса белгиленет. Ал бакты суугарбаса куурап калышы мүмкүн экенин, бирок аны жок кылууга аракет кылгандардын “колдору куурасын” деген оюн билдирди.