www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы Базар-Коргон районун жана Ноокен районунун Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарын камтыган чуулуу №13 округдагы добуш берүүнү жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүү боюнча чечим кабыл алды.
Буга кайсы бир талапкердин тарапташтары шайлоочуларды телефонго тартып, добуш берүүнү көзөмөлдөгөнү далилденгени себеп экени айтылды. Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Махабат Кожокеева маалымат берип, добуш берүүнүн жүрүшү шайлоочунун идентификациядан өтүшүнөн тартып, бюллетень таштаганга чейинкиси толук видеого жазылып турганын көрсөттү.
Чечимге ылайык, бул мыйзам бузууга тиешеси бар 14 талапкер кайра шайлоого катышуу укугунан ажыратылат.
Бул округда Бакыт Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова алдын ала жыйынтык боюнча озуп жаткан.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда бир талапкердин тарапташтары шайлоо маалында телефонго тартып алып жатканы тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.
Округдан аттанган, эми кайра шайлоого катыша албагандардын тизмеси:
1. Абдалиев Мейкинбек
2. Алтынбеков Айбек
3. Джураева Чинара
4. Жээнбекова Гулназ
5. Карабекова Айгул
6. Кенжебаев Нурланбек
7. Курбаналиев Жаныбек
8. Маматалиева Мунара
9. Мамытов Талант
10. Нурбаева Гулназ
11. Нышанов Сайдулла
12. Саипов Айбек
13. Султанова Олмаскан
14. Сыдыков Бактыбек