www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

CASA-1000 долбоорунун алкагында ЭБЧ курулушу башталды

Кыргызстан ушул жылдын февраль айынан баштап CASA-1000 долбоорунун алкагында Электр берүү чубалгылары (ЭБЧ) курулушун баштоого даяр экендигин билдирди. Алгач жумуштар Баткен облусунан башталып, андан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарында улантылат. Бул тууралуу “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

CASA-1000 долбоору Борбордук Азия энергетикалык тутумдарын Түштүк Азия – Кыргызстан менен Тажикстанды Ооганстан жана Пакистан менен байланыштырууга, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык, электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.

Долбоордун алкагында керектүү электр тармактык ​​комплексти модернизациялоо, жаңы көмөк чордондорду жана жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларын куруу пландаштырылып, жайында Кыргызстан менен Тажикстандын ашыкча электр энергиясын Пакистан жана Ооганстанга экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости