www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - АКШнын президенти Джо Байден алжып калдыбы?

АКШнын президенти Джо Байден өлкөнүн Коргоо министри Ллойд Остиндин атын унутуп, өз атына кир келтирди.

Мамлекет башчысы Америка армиясынын катарындагы аял аскерлер жөнүндө сөз сүйлөп жатканда Пентагондун башчысы андан бир нече метр алыстыкта ​​турган. Бирок буга карабастан Байден анын атын эстей алган жок.

«Мен мурдагы генералга ыраазычылык билдирем. Мен аны генерал деп атайм, бирок менин... тээтиги жерде турган жигит, ушул аскердик мекемени жетектейт», — деген Байден министр Остин тууралуу.

Белгилей кетсек, Байден буга чейин Коргоо министринин атын телесуфлердон окуп жатып «катчы Остин» деп атаган.

Ошондой эле, Ак үйдүн башчысы Пентагондун атын унутуп койгон жайы бар. Ал Коргоо министрлигинин штабын «ушул балдарга» айланып салган.

Бул америкалык президенттин эл алдында жаңылган биринчи жолку учуру эмес. 2020-жылдын декабрында, өзүнүн инаугурациясына чейин, өлкөнүн вице-президенти Камал Харисти «АКШ лидери» деп атаган. Бирок, чындыгында ал вице-президент болуп турган.

Мындай окуялардан кийин АКШнын жаңы шайланган президенти Американы башкарууга ден-соолугу жол береби деген суроо жаралат.

Булак: NazarNews.kg

.

Последние новости