www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

75 кишинин каты боюнча иште айыпталуучулар 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катыша алышпайт. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров «АКИpress» басылмасына билдирди.

Анын айтымында, апелляциялык инстанциянын чечими жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет. «Судья чечимин айтары менен ал мыйзамдуу күчүнө кирет. Алар [талапкерлигин] коё алышпайт», — деди БШКнын төрагасы.

Ошондой эле Шайназаров бул иш боюнча айыптын беренеси жеңилдетилсе да, абал өзгөрбөй турганын белгиледи. «Кайсы гана берене болбосун — зордуктоо болобу же бейбаштык болобу — катыша алышпайт», — деп түшүндүрдү ал.

Бүгүн Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына өткөрүү чечимин кабыл алды. БШК тиешелүү токтомду кабыл алгандан кийин талапкерлерден арыздарды кабыл алуу башталат.

Последние новости