www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда президенттик шайлоону өткөрүүгө алдын ала 1 млрд 200 млн сом өлчөмүндө каражат каралууда.
Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров АКИpress агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бул сумма шайлоонун экинчи туру өткөрүлүшү мүмкүн экендигин эске алуу менен эсептелген.
Бүгүн, 24-сентябрда, Жогорку Кеңеш кезектеги президенттик шайлоону өткөрүү күнүн белгиледи. Добуш берүү 2027-жылдын 27-январына дайындалды.
Тынчтык Шайназаровдун маалыматына караганда, шайлоонун бюджети эртең расмий бекитилет.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, президенттик шайлоого байланыштуу чыгымдар республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.