www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыл-Кыя шаарында үйүнүн короосуна мыйзамсыз кара куурай өстүргөн 49 жаштагы жаран аныкталды.

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен облусунда 22-сентябрдан 25-сентябрга чейин «Кара-Куурай» аттуу атайын иш-чара өткөрүлүүдө. Анын алкагында алынган ыкчам маалыматтын негизинде Кызыл-Кыя шаарындагы турак үйгө кароо жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө үйдүн короосунан кара куурай өсүмдүгүнө окшош 31 түп өсүмдүк табылып, алынган. Алардын жалпы салмагы 11 килограмм 85 граммды түзгөн.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган өсүмдүктөр баңги заттарды камтыган «кара куурай» экендиги аныкталган. Кургатылган салмагы 4 килограмм 483,8 граммды түзгөн.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү Ю.Д. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери улантылууда.

Последние новости