www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы бир топ жарандардын “Биримдик” партиясын жана алардын лидери Марат Аманкуловду парламенттик шайлоодон четтетүү боюнча арызын канааттандыруудан баш тартты. Мындай чечим 2-октябрда БШКнын отурумунда кабыл алынды.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматованын айтымында, БШКнын эки мүчөсү гана “Биримдик” партиясын жана алардын лидери Марат Аманкуловду  шайлоо жарышынан чыгарууну суранган 11 кыргызстандыктын билдирүүсүн колдошту.

Алар мындай арыз менен Марат Аманкуловдун “Биздин көз карандысыз 30 жылдык тарыхыбыз “эсиңерге келгиле, кайра артка кайтканга убакыт келди!” дегенди көрсөттү” деген билдирүүсүнөн кийин беришкен.

Белгилей кетсек, БШК мүчөлөрү иштин материалдарын Башкы прокуратурага жана УКМКга Марат Аманкуловдун билдирүүлөрүнө укуктук баа берүү үчүн  жөнөтүүнү сунуш кылышкан. Бирок бул демилгени эки гана адам колдоду.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Марат Аманкуловдун сүйлөгөн видеотасмасы тараган. Видеодо ал: “30 жылдык эгемендүүлүктөн кийин өлкө көз-карашын өзгөртүп, кайра кайтууга мезгил келди” деп айткан. Социалдык тармактардын колдонуучулары Аманкуловдун бул билдирүүдөн Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүү катары баалап, сынга алышты.

Партия бул провокация болгонун, сөздөр контексттен алынып салынгандыгын белгилеп, “партия патриоттук платформага негизделген жана биздин башкы баалуулуктар биздин көз карандысыздыгыбыз, эгемендигибиз, аймактык бүтүндүгүбүз” деп белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости