www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30- ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда келип түшкөн даттануулар жана бузуулар тууралуу маалыматты Даттануулар жана бузуулар реестрине жарыялады.
Реестрдин материалдарына ылайык, 29-октябрда «WhatsApp» мессенджеринин ар кандай группаларында №21 округу боюнча катталган Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбековдун Сарбан айылынын тургундары менен жолугушуусу чагылдырылган фото жана видеоматериалдар жарыяланган.
Маалымат 6-ноябрда катталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 7-ноябрда УКМКнын Бишкек шаары боюнча тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарган.
Ошол эле күнү материалдар шайлоочуларды маалымдоо жана БШКга караштуу үгүт иштеринин эрежелери боюнча жумушчу топтун кароосуна берилген.
11-ноябрда БШК мүчөлөрү мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзгөндүгү үчүн 7500 сом айып салуу жөнүндө жумушчу топтун чечимин карашкан.
Айдарбеков өзү туугандары менен гана жолугушуу болгонун, агитация болбогонун жана аны колдоп добуш берүүгө чакырыктар жасалбаганын билдирген.
БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров президент Садыр Жапаров шайлоо күнүн жарыялагандан кийин бардык талапкерлер алардын ар кандай аракеттери саясий жактан бааланарын түшүнүшү керектигин белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгында БШК мүчөлөрү жумушчу топтун айып салуу жөнүндө чечимин бекитишти.