www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжандан учуп келе жаткан Түркиянын С-130 аскердик-транспорттук учагы Грузия-Азербайжан чек арасы тарапта кыйрады. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлиги кабарлады.
Учакта экипаж мүчөлөрүн кошкондо жалпы 20 адам болгон.
Түркиянын Коргоо министрлиги Грузия бийлиги менен биргеликте издөө-куткаруу операциясы жүрүп жатканын билдирди.
"Кырсыктын себебин түркиялык адистер иликтөөгө алуу үчүн учак кулаган жер курчоого алынды", — деп билдирди Коргоо министрлиги.
Кырсыктын себептери түрк адистеринин деталдуу анализинен кийин белгилүү болот.
Грузиянын Ички иштер министрлиги Түркиянын жүк ташуучу учагынын кыйрашына байланыштуу иликтөө иштери башталганын кабарлады.