www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо участкаларындагы добуш берүү процесси кыргызстандыктарга ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу брифингде БШКнын башчысынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Ал белгилегендей, республика боюнча 2 430 шайлоо участкасы ачылган, анын 45и чет өлкөлөрдө иштеп жатат.

Бекматов бардык шайлоо участкаларында санитардык эрежелер сакталат деп ишендирип, антисептиктер коюлуп, жарандарга бет кап жана кол кап берилгенин билдирди. Анын айтымында, партиялар үгүт иштеринде шайлоочулар менен мурдагыдай жолугушууларды өткөрө алышкан жок. Көптөгөн иш-чаралар онлайн форматында болду.

"Биз жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырабыз. Добуш берүү убагында ыңгайсыздыктар болушу ыктымал, бирок БШК мүчөлөрү, тартылган тараптар шайлоо процесси мүмкүн болушунча ыңгайлуу өтүшүн камсыздоо үчүн иштеп жатышат. Учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөбүз", — деди Бекматов.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев шайлоо участкаларына жалпысынан 5 728 медицина кызматкери тартылганын билдирди. Алар шайлоочулардын ден соолугунун абалын текшеришет.

Бүгүн, 4-октябрда, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Парламенттеги 120 депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости