www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК эки партиянын талапкерлерин жарыштан четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясы Араванда үгүт маалында чыккан массалык мушташка жооптуу эки талапкерди жарыштан чететти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Илхам Маннанов менен "Биримдик" партиясынан талапкер Шүкүрулло Файзуллаев шайлоого катышуу укугунан ажыратылды.

Бүгүнкү жыйында БШК төраймынын орун басары Абдыжапар Бекматов окуя болгон күнү эл чогултууга жооптуу болгон талапкерлерди жарыштан четтетүүнү сунуштады.

Ал эми БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева эки партияга тең эскертүү берип, жооптуу талапкерлерин четтетүү сунушун киргизген. Дагы бир мүчө Кайрат Осмоналиев болсо саясий партияларга эскертүү берүү менен гана чектелүү керек деген пикирин билдирди.

Мындан тышкары, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул жаңжал коомдук коопсуздукка доо кетирип, адамдар жаракат алганын эскертти. Мындан улам аларга көрүлгөн чара башкаларга сабак болушу керектигин белгиледи.

Ошентип, үч сунуш тең добушка коюлуп, талапкерлерди жарыштан четтетмей болушту. Партияларга эскертүү берүү сунушу колдоо тапкан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости