www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ыкчам чара көрүү координациялык тобу Гүлчө айылындагы шайлоочулардын добушун сатып алуу фактылары боюнча маалыматты текшере баштады. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалды.

Маалым болгондой, КГОРго "Азаттык" саясий партиясы тарабынан шайлоо мыйзамдары бузулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. "Тактап айтканда, 4-ноябрда Гүлчө айылында аталган партиянын өкүлдөрү менен шайлоочулардын жолугушуусу болуп өткөнү көрсөтүлгөн. Жолугушуудан кийин чогулгандарга кайрымдуулук сый тамак уюштурулуп, айылдагы май куюучу жайлардан бекер бензин алууга талондор берилди. КГОРго жөнөтүлгөн видео жана аудиотасмаларда Гүлчө айылынын тургундары май куюучу станциялардагы активдүүлүктүн себебин талкуулап, саясий партия тууралуу эки ача пикирлерин билдиришүүдө", - деп белгилейт БШКдан.

Маалыматтар фактыларды тактоо жана юридикалык баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине жана Алай ИИБнын №11 КГОРуна жөнөтүлгөн.

Эске сала кетсек, шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости