www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турмушка чыккандан кийин акырындап жүрөгүм таш болуп калды. Башында, секелек кезимде менден жашык, менден ыйлаак кыз жок эле го. Бактылуу жашоону, сүйүүнү элестеткен бала күндөр ай! Ошол күндөргө кетип, кайра башкача жашоо баштагым келет.

Эми баары кеч болгондо, кызым турмушка чыгайын деп, уулум үйлөнгөнү калганда кайдагы башка күндөр, башка жашоо?!

Кунары качкан жашоомдо канча ирет күйөөмдөн запкы көрүп, жылаңайлак кар тебелеген, карда издерим калган күндөрүм болду. Үч ирет колум сынып, кайра бүттү.

Бирок жүрөгүмдүн жарасы бүтпөй калды. Акырындап ташка айланды. Муздак, кунарсыз кайран жүрөк. Эмнеге мынча баарына чыдаганыма таң калам!

Эми кеч. Өмүрүмдүн акырына чейин аргасызмын. Өз өмүрүңөр үчүн жашыңардан күрөшкүлө!

Жийдегүл

Последние новости