www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК: Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3 млн 465 миң 415ке жетти

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесиндеги саны: 3 465 415, бул:

– шайлоочулардын алдын ала түзүлгөн тизмесине салыштырганда (шайлоочулардын саны 3 429 043) 36 372ге өскөн (1,1%);

– 2015-жылдын 4-октябрындагы КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого салыштырмалуу (шайлоочулардын саны 2 761 297) 704 118ге өскөн (25,5%);

– 2017-жылдын 15-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого салыштырмалуу (шайлоочулардын саны 3 025 770) 439 645ке өскөн (14,5%);

12/09/2020-жылга карата шайлоочулардан (форма 1 жана 2) түшкөн арыздардын саны:

Форма 2 боюнча –

– “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу электрондук форматта 11 264:

237 арыз шайлоочулар тарабынан жокко чыгарылган;

389 арыз системдүү администраторлор тарабынан жокко чыгарылган;

8 365 арыз иштелип чыккан;

2 247 арыз иштелүүдө.

– ШКУга атайын 253 006 арыз:

192 519 арыз иштелип чыккан;

Дагы иштелүүдө 60 487 арыз бар.

Жалпы суммасы 264 270 арыз шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети тууралуу (шайлоочулардын жалпы санынан 7,63% пайызы) түшкөн.

Форма 1 боюнча –

– “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу электрондук форматта- 12;

– ШКУга атайын 3 835 арыз;

3 847 арыз өзүнүн шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматын тактоо боюнча түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости