www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №5 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Нурбаев Жалолидин Паязидиновичти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
Ж.Нурбаев №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 13-октябрында КР БШКга тапшырган.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Нурбаев Жалолидин Паязидиновичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынган маалыматка ылайык, Ж.Нурбаевге карата кылмыш иштери кыскартылгандыгы тууралуу маалыматтар келип түшкөн.
2006-жылдын 6-октябрында Бишкек ш. ИИБнын Тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз ССРнин Кылмыш-жаза кодексинин (1960-ж. редакциясында) 235-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон № 51-96-688 кылмыш иши, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин
28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктунун негизинде кыскартылган.
Мындан тышкары, 2021-жылдын 30-июнунда Ош облусунун Араван райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (2017-ж. редакциясы) 359-беренесинин
1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иши, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктунун негизинде кыскартылган.
28-октябрда болуп өткөн Жумушчу топтун отурумунда Ж.Нурбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү жана КР Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын кызматкери катышып, алар угулду.