www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын укук коргоо органдары Лувр музейинен уурдалган зер буюмдардын тагдыры боюнча эки негизги гипотезаны карап жатышат. Кылмышкерлер аларды жашыруун жерге жашырып коюшкан же кардардын атынан чет өлкөгө алып кетишкен болушу мүмкүн. Бул тууралуу  27-октябрда Europe 1 радиостанциясы полицияга шилтеме берип билдирди.

Полиция профсоюзунун өкүлү Аксель Ронданын айтымында, укук коргоо органдары каракчылыкка катышкан дагы эки шектүүнү издеп жатышат. Радиостанциянын маалыматы боюнча, ушул жылдын 25-октябрынын кечинде камакка алынган шектүүлөр дагы эле сурак берип жатышат жана алардын камактагы мөөнөтү эки жолу узартылды. Эки адам тең азырынча унчукпай жатышат.

Ошондой эле, кечээ, 27-октябрда BFMTV бул шектүүлөр Луврдагы каракчылыкка чейин эле укук коргоо органдарына белгилүү болгонун билдирди. Le Parisien гезитинин маалыматы боюнча, шектүүлөрүнүн бири Франциянын жана Алжирдин жарандыгына ээ, ал эми экинчиси Мали тектүү Франциянын жараны.

Белгилей кетүүчү нерсе, 1793-жылы ачылып, мурда падыша сарайы болгон Лувр дагы эле дүйнөдөгү эң көп туристтер барган музей болуп саналат.

Эске салсак, ушул жылдын 19-октябрында беткапчан кылмышкерлер Луврга ачылыш учурунда кирип, императордук коллекциядан тогуз экспонатты, анын ичинде Наполеон менен анын аялы Жозефинага таандык зер буюмдарын уурдап кетишкен. Уурулуктан келтирилген зыян 88 миллион еврого бааланган.

Бир жумадан кийин Луврдан зер буюмдарын уурдаган төрт шектүүнүн экөөсү камакка алынган. Алардын бири Париждеги Руасси-Шарль де Голль аэропортунда Алжирге учуп бара жатканда камакка алынган. Экинчиси Сена-Сен-Дени департаментинде кармалган.

Париж прокуратурасы шектүүлөрдүн камакка алынганын тастыктады. Лор Бекко ошондой эле полиция байкоо камераларын колдонуп, кылмышкерлердин эки скутердеги кыймылын байкай алганын билдирди.

Мохичехра Кадамова, Ташкен

Последние новости