www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев мамлекет башчы Садыр Жапаровго инаугурацияны «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу анын президентке жазган катында айтылат.

Анын айтымында, «Ата-Бейит» тарыхый жана руханий баалуулугу бар жер.

«Кыргызстанда тарыхый жана руханий баалуулугу жерлер бар. Бул Ата-Бейит мемориалдык комплекси, анда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсү жана эстелиги, сталиндик репрессиянын курмандыктарынын жамааттык сөөгү, 2010-жылдагы Апрель окуясында курман болгон баатырлардын бейиттери, 1916-жылдагы кыргыздардын колонияга каршы көтөрүлүшүндө курман болгондордун эстелиги орнотулган.

Инаугурация күнү бул ыйык жерге баруу чоң саясий жана символикалык мааниге ээ болмок. Бул сунуш коомчулук тарабынан оң кабыл алынат деп ишенем. Ушундай эле жол - инаугурация учурунда «Ата-Бейитке» баруу бардык чиновниктер шайланганда же жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындалганда жайылтылышы мүмкүн», - деди ал.

Ошондой эле, Осмоналиев көптөгөн кыргызстандыктар анын идеясын колдой тургандыгына ишенерин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости