www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков бийликке ыңгайлуу жетекчи болуп бергенин айтты. Бул тууралуу ал айрым маалымат булактарына билдирди.
--"Мен бийликке ыңгайлуу башкы директор болчумун. Өтө ыңгайлуу. Мен унчукпай эле алардын кылганын кыла бербестен коомчулуктун алдына чыгып, мен жооптуумун деп айтчумун. Мөөнөтүм бүткөндөн кийин президенттин аппараты дагы сиз калыңыз деп айтты. Сооронбай Жээнбековго дагы киргизишти. Мамлекетке керексиң деп айтышты. Мен иштеп берем бирок кетип калганым туура деп айттым. "Белизгейт", Алмазбек Атамбаевдин командасында иштеди деп айтышты. Атамбаев тууралуу жаман материал бериш керек болмок. Алар менин кете берейин дегенимди колдошту. Мөөнөтүмдү бүтүрүп кызматтан кеттим", - дейт Карыпбеков.
Булак: NazarNews.kg