www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШК быйыл парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип кайрылган саясий партиялар үчүн биринчи семинар өткөрдү.
Анда талапкерлердин тизмесин каттоого берүү эрежелери, шайлоо фонддорунун ишин алып баруу, шайлоо кампаниясын каржылоо тууралуу маалыматтарды берүүнүн тартиби жөнүндө маселелер каралды. Мурунку шайлоо өнөктүктөрүнөн айырмаланып, шайлоо процессинин ачык-айкын болушун камсыздоо максатында бир катар жоболорго өзгөрүүлөр киргизилгени партиялардын өкүлдөрүнө маалымдалды. Анын ичинде талапкерлердин шайлоо фонддорунун каржылануусу, саясий партиялардын, шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуунун тартиби өзгөрүлүп, шайлоо фондуна каражатты белек катары берүүгө тыюу салынган, финансылык маалыматтарды БШКнын сайтына жарыялоо милдеттендирилген.
Мындан тышкары семинарда быйылкы шайлоо кампаниясынын өзгөчөлүктөрү, үгүт иштерин жүргүзүү тартиби, ага байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле шайлоонун бардык баскычтарында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бекем сактоо алгоритмдери талкууланды.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышуу ниетин билдирип, 44 саясий партия БШКга кайрылган.
Булак: NazarNews.kg