www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26-июндагы отурумунда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун ачыктыгын камсыздоо боюнча жоболорду кабыл алды.

Биринчи жободо атайын эсеп ачуу, шайлоо фондун түзүүнүн эрежеси, келип түшкөн каражат менен чыгышталган каражаттын эсеби, шайлоо күрөөсү, отчет жана көзөмөл тартиби аныкталган. Жободо саясий партиялардын шайлоо фондундагы акчанын сарпталышы боюнча маалыматтары БШКнын сайтына жарыяланары да белгилеген.

Жакында кабыл алынган “Саясий партиялар тууралуу” мыйзамда да партиялар жыл сайын каражаты тууралуу маалыматты сайтына жана БШКнын сайтына жарыялап туруу нормасы бар.

Экинчи жобо - шайлоого мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражатты пайдалануу боюнча БШКнын, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын отчету. Ага ылайык, шайлоо өнөктүгүнө сарпталган каражат тууралуу маалымат аймактык комиссиялардын жана БШКнын сайтына жарыяланат.

Үчүнчү жобо – БШКнын көзөмөл-ревизия тобунун ишмердигине байланыштуу. 2018-2020-жылдарга карата жаңы киргизилген эрежелерге ылайык, шайлоого сарпталган каражаттар тууралуу маалымат жаңы формада толтурулат. Мындан тышкары шайлоочулар, бейөкмөт уюмдар, басма сөз каражаттарынын өкүлдөрүнө шайлоо өнөктүгүнүн каржылануусуна байкоо жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости