www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК: Сузакта добуш сатып алуу фактысы катталгандыгы айтылууда

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда добуш сатып алуу фактысы болгондугу айтылууда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топтун мүчөсү, БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, саат 17:10гө карата ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна бузууларга бацланыштуу 32 кайрылуу келип түштү.

"Буга чейин саат 15:00дө добуш сатып алуу, админресурсту колдонуу фактысы катталган жоктугун билдиргенбиз. Бирок "Жалпы иш" коомдук фонд тарабынан №2057 шайлоо тилкесинде белгисиз адамдар акча таратып жүрөт деген маалымат түштү. Учурда ички иштер органдары жеринде тиешелүү иштерди алып барууда", - дейт ал.

Шайназаров кошумчалагандай, Чүй облусуна караштуу Курама айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучунун үстүнөн адамдарды массалык ташууга буйрук бергендиги тууралуу маалымат келди. Бул маалымат да учурда текшерилүүдө.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости