www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнүн эрежелери тууралуу эскертти.

Ага ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ар бир шайлоо участкасында үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн атайын орундарды бөлүп берүүгө жана жабдууга милдеттүү. Ошондой эле бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керек.

Шайлоо кампаниясы учурунда массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбейт.

Улуттук, этникалык, расалык, диний, региондор аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды дискриминациялоого, касташууга чакырган пропагандага тыюу салынат.

Бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга чакырууга болбойт.

Согушту пропагандалоо мыйзам бузууга жатат.

Башка өлкөлөрдүн мамлекеттик жана саясий ишмерлери менен массалык иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууга уруксат берилбейт. Аны менен катар алардын сүрөттөрүн пайдалануу менен фото жана видеоматериалдарды колдонууга тыюу салынат.

Эгер шайлоо мыйзамдарынын бузулганын байкасаңыз, төмөнкү ишеним телефонуна кабарлаңыз:

  • 1255;
  • 0(312) 660240;
  • W/A 0755 00 29 65;
  • (0312) 62 63 24;
  • (0312) 66 02 40.

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялар жана талапкерлерге үгүт кампаниясын жүргүзүүгө 29-октябрдан 27-ноябрь саат 8:00гө чейин убакыт берилет. Ал эми добуш берүү 28-ноябрга белгиленген.

Бул ирет парламенттик шайлоо преференциялуу жана мажоритардык болуп аралаш система менен өтүп жатат. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланып келет. БШК 21 партияны, бир мандаттуу округдан 321 жаранды талапкер катары каттады.

Эске сала кетсек, шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости