www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин депутаттыгына №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Мансуралыев Залкарбек Медетбековичти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, З.М. Мансуралыев №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2026-жылдын 21-январында КР БШКга тапшырган.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Мансуралыев Залкарбек Медетбековичтин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2026-жылдын 22-январындагы маалымкатына ылайык, Мансуралыев Залкарбек Медетбекович “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, депутаттыка көрсөтүүнүн алдында республиканын аймагында акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашагандыгы тууралуу талапка жооп бербей тургандыгы аныкталган.
З.М. Мансуралыев 2021-жылы - 354 күн, 2022-жылы - 364 күн, 2023-жылы - 123 күн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн.
Жумушчу топтун Мансуралыев Залкарбек Медетбековичти № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, КР БШКсы Мансуралыев Залкарбек Медетбековичти № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.