www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Мирбек Мамбеталиев жаңы алынган музыкалык аспаптар жана жабдуулар менен таанышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, музыкалык техникалар убактылуу “Кыргыз Маданият Сервис” мамлекеттик ишканасында жайгашкан.

Президенттин колдоосу менен алынган жабдуулардын ичинде 21 даанадан  4 кылдуу бас-гитара Yamaha TRBX304GM , Электр гитара үчүн процессор GP-200 LT, Санарип пианино Yamaha DGX-670B, Бас-гитара үчүн комбо-күчөткүч Ampeg RB-108, 42 жуп Акустикалык колонка Yamaha DBR15, 
Электр гитара Yamaha Pacifica 212VFM CB (түрлөрү), Электро-акустикалык гитара Yamaha DGX800C SBS, Моделдөөчү гитара комбо-күчөткүч Line6 Catalyst 100, Микшер пульту Yamaha MG16XU жана 42 жуп Сахналык монитор Yamaha DBR12 бар. 

Бул жаңы алынган музыкалык аспаптар министрликке тийиштүү 21 музыкалык мектепке жана окуу жайларга өткөрүлүп берилет. Ал эми “Кыргыз Маданият Сервис” мекемесине алынган тийиштүү жаңы жабдыктар ишкананын базасында калат.

Последние новости