www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин төрагалыгы астында 2026-жылдын сентябрь айында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча иш тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жыйынга министрдин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов, Кыргыз Республикасынын эл артисти, башкы режиссёр Алтынбек Максутов, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө иш-чараны өткөрүүнүн негизги локациялары, уюштуруу маселелери, оюндардын жүрүшү жана даярдык иштеринин учурдагы абалы боюнча маалыматтар угулду. Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлде уюштурулушун камсыз кылуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмалар берилди.