www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 24-августта «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан.

Документ алып келген өкүлдөрдү каттаган журналда «Кыргызстан» партиясы документ тапшырган убакыт чийилип оңдолуп, 17.59 деп жазылган. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул маселе атайын жыйында талкууланарын билдирген.

Бүгүн, 25-августа шайлоого аттанган партиялардын айрым талапкерлери жана активисттер Борбордук шайлоо комитетине мыйзамдуулукту талап кылып барышкан.

Бул көрүнүштөргө юрист Жомарт Жолдошев мыйзамсыз  иштер болгону ачык көрүнүп турганын билдирди.

“Кабыл алуу иштөө тобу бар, Боршайком ошолор биринчи чечим чыгарсын деп атат. Бул жерде фактлар бар убакты сааты менен, кечээтен бери созулуп, алардын бары аткарылбай жатат.  Мен  так айталам, эч кандай таза эмес, бул мызамсыз көрүнүш. Биз мыйзам чегинде баардык ыкмаларды колдонобуз. Муну жөн калтырбашыбыз керек. Элдин кызыкчылыгын коргойлу, мындан ары кандай шайлоо өткөнү тарыхта калат”.

Ал ортодо журналисттер “Кыргызстан” саясий партиясына кысым болуп жатканы тууралуу суроо беришкен.

“Биринчиден “Кыргызстан” партиясы басып койсо эле, басылып кала турган партия эмес. Бул жерге келген партиялар мыйзамды талап кылып келди. Бул болгон үмүттүн баарын күмөн санатып жатат. Азыркы жасалып жаткан көрүнүш мыйзамсыз”, - деди Жолдошев.

Мыйзам боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну 24-августта саат 18:00дө токтотушу керек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. БШК 4-сентябрга чейин талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерип, анан бир айлык үгүт башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости