www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кардиолог Калдарбек Абдраманов Фейсбуктагы баракчасына “Кыргызстан” партиясынын айланасындагы талаштуу маселе боюнча пикирин жазып чыкты. Өзгөртүүсүз беребиз.
"Акыркы алты партиянын документ тапшырган убагы. 17:54, 17:55, 17:56, 17:57, 17:58, 17:59 экен.
Булар баары паравоз болуп чогуу келип тапшырышкан окшойт. Ар биринин документин 1 минутадан карап толук текшерип чыгып кабыл алууга үлгүрсө, анда бул БШКнын иши чатак экен. Шайлоонун жайынтыгын бурмалоо эмитен эле башталыптыр десек болот анда! Ким эми ишенет буларга!? Кыргыз элин мал деп ойлошобу булар!? БШК жооп бериш керек. Төрайымы отставкага кетсин! Бул боюнча документтерди кайра оңдоо (подделка) боюнча кылмыш иши козголушу керек. Азыртан ушундай махинацияга барышса, эртең шайлоо жыйынтыгын көз көрүнө бурмалашат! Мындай жолдун аягы "таза шайлоо" эмес эле кыргыз элин, мамлекетин "жайлоо" менен бүтөт!"-деген ал өз сөзүндө.
Булак: NazarNews.kg