www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбекова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына төмөнкү пикирин жарыялады:

"Эң эле жаманы, өтө эле осол көрүнгөнү улуулардын жугундукор болгону экен. Энелериң эбиреп, эсинен тайып, чоңдорду этектеп , аталардын абийирден качып, акылынан тайып , "жепжутаттарды" ээрчип алганы жаман экен. Акыл кыскалык кылып атып, тентитпедикпи балдарыбызды! Алардын келечегин бир бөтөлкө аракка, бир мүшөк унга сатпадыкпы! Көнгөн адат калабы дагы эле сатып жүрүшөт.  Айрымдары фейсбукту , инстаграмды ээлеп алып, ошол жактан эле камчысын чаап атат тигилердин. Отуз жылда балдарынын тагдырын талкалагандардын таламын талашып алганын кантейин? Ак - караны айрый албай, көзүнөн мээрим эмес заар чачып, уу тилин агытып турган улуулардын улуулугуна баш ийип, таазим кылгың келеби? Даанышмандыктын данеги жок, акылмандыктын ачыткысы жок улуулардын улуулугун сыйлайын дейсиң...а бирок! Атаганат!  Акыйнек айтышып анан акыл айтат дегенди мен да уккан эмесмин!  Энелер дейбиз! Энелердин бейиш жыттуу таманын өөп! Тээп турса кантебиз? Аталар аска - зоо дейбиз бүжүрөп, "Дүжүр чал"  болуп турса, кантебиз?  Кичүүлөр деп сөөмөй кезээрден мурун "Улуулукту кантип көргөздүм?" деш керек. Кичүү муун тартиптүү болуш үчүн "Аларга мен кандай күзгү болдум , кандай тарбия бердим ?" деш керек! Жаштар күйүгүп чуркап баратканда чылбыр ыргытпай, сүрөп тургула, улуу муун! "Жаман эле жаман!" дей бербей, жакшысын да көрө билгиле! Тилиңердин тикенегин киргизүүдөн мурун , дилиңер менен сүйлөшүп көргүлө! "Балам!" деп башыбыздан сылап турганды , кантип тескери тебели! "Эноу", "Атоу" дейбиз карааныңардан кагылып! Ар бир сөзүңөрдү чыпкалап, чыпчыргасын коротпой, көкүрөккө сиңиребиз!! Жаштардагы этек кыскалык эчтеке эмес экен. Улуулардын эс кыскалыгы жаман. 
P.s. Фейсбукта апам чамалаш аялдар , атам курдуу эркектер каргап - шилеп, сөгүп , жаштарды сүрөп атсаң, чокудан ары бир чаап , отуз жыл орок оро албагандарды, отуз жыл ойронубузду чыгаргандарды, отуз жыл сонун жерлерибизди тарттырып, карызга матыргандарды колдоп атканын көрүп кейидим ! Батасын берген , көрөгөч энелеримде, аталарымда  айып жок! Аман болгула!"

Булак: NazarNews.kg

Последние новости