www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр кыргызстандыктар кайсы кылмыштарды көп кылган?  Улуттук статистика комитетинин жообу 

Кыргызстанда эң көп жасалган кылмыштын түрү — уурулук. Тагыраагы, былтыр 15 132 жолу уурулук фактысы катталган. 

 2019-жылы Кыргызстанда 41 622 кылмыш, 22 211 жорук катталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Кылмыштар тууралуу сөз кыла турган болсок, өлкөдө эң көп жасалган кылмыштын түрү — уурулук. Тагыраагы, 15 132 жолу уурулук фактысы катталган.

Сандар менен карай келгенде төмөнкүчө болгон:

  • алдамчылык — 7 247 жолу;
  • бейбаштык — 3 349

  • тоноо — 1 821;
  • баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү — 999;
  • жол эрежелерин бузуу — 562;
  • каракчылык менен кол салуу — 204 жолу жасалган.

Ал эми башка оор кылмыштар 12 308 жолу катталган. Бирок мунун ичинен канчасы кандай мыйзам бузуу экени айтылган жок.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости