www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) техникалык адиси Боршайкомдун Маалыматтык шайлоо системасында кетирилген мүчүлүштүктү 1-декабрда түшүндүрүп берди. Ал добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча автоматтык эсептөөчү урналардан түшкөн маалыматтарды системага чыгарууда партиялардын талапкерлери алган добуштар эки жолу саналып калганын айтты.

"Сары өң менен белгиленген – бул партия жана анын ичиндеги талапкерлерге берилген добуш. Мисалы, "Ата Мекен" партиясында 33 345 добуш бюллетенде партия жана анын талапкерлери белгиленген. 11 961 добуш "Ата Мекен" партиясына гана берилген. Ал эми 78 651 деген сан жана анын жанындагы 6,14% дегенден ката кеткен. Себеби, биз партиялардын ичиндеги талапкерлерге берилген добушту эки жолу эсептеп салганбыз".

Боршайкомдун техникалык адиси 28-ноябрда бул ката 15 мүнөттүн ичинде кайра калыбына келтирилгенин кошумчалады.

БШКда Маалыматтык шайлоо системасында кетирилген мүчүлүштүктү талкуулаган жыйын өтүп жатат. Ага партиялардын мүчөлөрү, бир мандаттуу округдан шайлоого ат салышкан айрым талапкерлер менен жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости