www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы мезгилдерде Бишкек СЭЗдин башчысы чырдан башы чыкпай келет. Буга кошо Азия Ньюс гезитит Кудрет Тайчабаровдун көптөгөн былыктарын жазган.
Ошондой эле коомчулук бакыйган Бишкек СЭЗдин башчысы Тайчабаровдун социалдык тармактан башы чыкпай отурганын да сындап келет. Бирок, аны көзгө илбеген Тайчапаров бул адатынан дагы деле арыла элек. Кээде туруп Бишкек СЭЗде аткара турган жумуш деле жоктой сезилет.
Бул ортодо ал кечээ эле өзүнүн Facebook баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү жазган:
СЭЗде коррупция жок!
Акыркы күндөрү кичине аналитика жазып койсом, пахтакор эле пахтакор, өзүн ишин билбейби. СЭЗге асмандан түшүп барып, “президенттин өкүл баласы болгон үчүн кызматтан кетпей жатат”, жакында камалат экен, СЭЗди талкалаптыр, эчтеке кыйратпай атыптыр деп надоел кылышты. Болбосо ошолор СЭЗ эмне иш кылаарын, анын территориялары канчоо экенин, мурда кандай азыр кандай экенин деле билишпейт. Мен СЭЗге баргандан кийин эле таанышты СЭЗди.
Чын чынында мурдагы бийликтегилер СЭЗде инвесторлорду сыгып, акчасын алып, качырып, инвестиционный климатты өлтүрүп келишкен. Шоопур деле СЭЗден акча алганы үчүн кармалган да, билесиңер… Улам жаңы премьер өзүнүн кишисин кое берип баарын талкалашкан. А СЭЗ тээ башында Ибраимов Эмиль Арисович ордунан жылбай он жыл иштеген мезгилде өнүккөн. Инвесторлор үчүн туруктуулук керек. Башында гарантия берген адам кийин да кепилдик берип турбаса алар бийлик алмашуудан улам жүрөк заада болуп турушат.
СЭЗде Кудрет начар иштеп атканын фейсбуктагы ушакчылар, фейк иштеткен жугундукорлор, түтөп турган зомбилер эмес, гендирекциянын коллективи, СЭЗде иш алып барган ишкерлер, субъекттер билеби же такыр маалымат жок божомолдоп согуп койгондор билеби?
Мобу видеодогу Ахунбай Кошоевич 1997-жылдан бери ар бир келген гендиректордун тамагына тыгылган кылкан болгон оппозиционер. Бүт мурунку гендиректорлордун былык иштерин билет. Даже 2-3 гендиректорду айдаткан адам. Анан ушул киши СЭЗде коррупция жок. Жаш жетекти таза иштеп атат десе ушул кишиге ишенесиңерби же фейктер менен агынан басып алып гезитине/сайтына уруп койгон жугундукоргобу? СЭЗде иштеген сотрудниктерден сурагыла да Тайчабаров кандай иштеп атат деп?
Былтыр революциядан кийин келген жаңы кадрлардын баары кетти. Бир гана мен калдым. Ал Садыр Жапаров менен жакшы болгондуктан эмес, иш жүрүп аткандыктан эч жака жылдырбай жатат. СЭЗдир проблемалары көп экен деп канча ирет кетүүгө аракет кылдым. Болбой эле аягына чыгып бер, элге сөз болосуң, иштеп бер дегендер болду. Кудрет иштебей жатат эмес, Тескерисинче мен чарчатам жогору жакты. Бул маселени чечип бергиле, тиги мыйзамды кабыл алып бергиле деп тажаткан мен. Буга чейин Новиков, Марипов, Шыкмаматов менден тажап бүтүшкөн. Бекболот Алиев деген экономика министри өнүгүү стратегиясы менен мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча жумушчу топто чарчады. Мен СЭЗ мамлекеттин карамагында калсын деп канча кырылыштым. Оппозиционер депутат Эмиль Токтошев деле билет, биз кандай иштегенибизди.
Мурункулар СЭЗди банкрот кылып, инвесторлорду качырып, анын элитный жерине үйлөрдү салабыз деген максатта мыйзамдарды 14 жолу “в худщую сторону” өзгөртүшкөн. Видеодо Ахунбай Кошоевич айткандай ошонун айынан 800 инвестор кетип калган. Азыр 400 эмес, тактоо иретинде айтып коеюн, 321 субъект бар. Анын 70ке жакыны эле бир жылда бир жолу болсо да экономическая операция кылышат. Калгандарынын баары мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, инвесторго жеңилдик беришет бекен деп шайлоонун жыйынтыгын, өлкөдөгү бейпилдикти, салык кодексиндеги өзгөртүүлөрдү күтүп атышат. Жаңы инвесторлор да инвестиционный климатты карап турушат. Биз буга чейин бүт Өкмөттү калчылдатып атып субъекттерге задним числом салынган пошлинаны жокко чыгартып, маселесин чечип бердик. Ошол себептен субъекттер бизден жакшы жаңылык күтүп үмүттүү көздөрү менен жаңы парламентти, январда кабыл алынчу салык кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөрдү күтүп отурушат. Ошол себептен мен деле Садыр Жапаров качан СЭЗдин иштери боюнча кабыл алат деп отурам. Керек болсо биз бийликти тажатабыз муну кылып бергиле, тигини карап бергиле деп. Анан ошентип тытынып аткан адамды кетирмек беле?
СЭЗ банкрот болот деп инфраструктурага таптакыр көңүл бурушпай калган. Биз ошонун баарын жолго салдык. Эми бул башка маселе, аны башка жолу айтып берем.
Бул жолкусунда СЭЗде коррупция жоюлуп, иш мыкты жүрүп жатканын ошол экинчи тараптын оозу менен айтып жаткандагы кербезим. Мына ушул кишилер айтып чыкса болот, Тайчабаров иштебей жатат, коррупционер экен деп…
Так что гыдыбыдыңарды башка жакка айткыла!
Булак: NazarNews.kg