www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШКнын мүчөсү Маматов УКМКдагы сурак боюнча түшүндүрмө берди

4-декабрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов УКМКга суракка чакырылганы боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, мунун шайлоого эч кандай тиешеси жок.

«Кээ бир маселелер боюнча менин позицияларым жана билдирүүлөрүм боюнча мага эч кандай кысым болгон эмес жана болгон жок», - деди ал.

Анын айтымында, ал «Айыл Банк» ААКтагы жумушуна байланыштуу күбө катары чакырылган. Анткени Коопсуздук кеңешинде жеңилдетилген насыяларды мыйзамсыз пайдалануу боюнча президенттин буйругу чыккан.

«Белгилүү болгондой, «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мен түшүнгөндөй, чындыгында кредит алган же ошолорго (мамлекеттик кызматкерлерге) лобби кылган адамдарга карата кылмыш иши козголгон, себеби банктын жетекчилиги мамлекеттик кызматчы болуп эсептелбейт жана бул беренеге ылайык жоопко тартылбайт.

Эгерде кандайдыр бир суроолор жаралса, анда тергөө объективдүү текшерип баа бериши керек. Буга чейин Каржы полициясы да банкта текшерүү жүргүзүп келген.

Бирок мен иштеген мезгилде (2013-жылдан 2019-жылдын май айына чейин) банк бардык көрсөткүчтөр боюнча Кыргыз Республикасынын 24 банкынын ичинен 17-орундан алдыңкы үч банктын катарына киргендигин белгилегим келет.

Пайда ар дайым өсүп турган жана эч кандай жоготуулар болгон эмес. Активдер 4 миллиарддан 30 миллиард сомго, кредиттик портфел 3 миллиарддан 22 миллиард сомго чейин өстү. Капитал 400 миллиондон 3,3 миллиард сомго чейин жеткен. Көп иштер жасалды. Мунун баары бүтүндөй команданын иши», - деди ал.

Банктардын иши бүтүндөй жыйынтыктар жана мөөнөттөр боюнча бааланат жана эч кандай «жеке кредиттер» менен бааланбайт, муну эксперттер билишет.

Менин оюмча президентке туура эмес маалымат берилген, ошондуктан текшерүү объективдүү болот деп ишенем. Мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышкан бардык банктар, ошондой эле эки мамлекеттик банк жеңилдетилген кредиттердин максаттуу пайдаланылышына катуу көзөмөл жүргүзүшкөн», - деп жазат ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости