www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-январда өз жыйынында Сузак, Ала-Бука, Кара-Суу, Ак-Суу жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Алар: 

- Сузак районунун Сузак айылдык кеңешинин депутаты Мехманов Абдусамад Абделхамитжановичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Урманов Джавлон Сатвалдыевичке өткөрүлүп берилди;

- Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айылдык кеңешинин депутаты Туманбаев Токтосун Мамбетовичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Камчибеков Максымбек Боймуратовичке өткөрүлүп берилди;

- Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Сатинбаев Байэль Капарбаевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Уразова Эльмира Рамазановнага өткөрүлүп берилди;

- Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айылдык кеңешинин депутаты Уметов Кылымбек Уланбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сулайманов Курманбек Эрназаровичке өткөрүлүп берилди;

- Нарын районунун Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин депутаты Рахматов Бекен Аскербековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кыдырмышов Жайлообек Сагынбаевичке өткөрүлүп берилди.

Последние новости