www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бүтүн Кыргызстандын» үч мүчөсүнө кылмыш иши козголду

УКМК “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн КР Жогорку Кеңешине мыйзамсыз иштөө (жасалма документтерди колдонуу) фактыларын аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кызматка орношуу үчүн жасалма эмгек китепчелерин пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидеринин кеңешчиси – 1993-жылы туулган, Кулмурзаева Айпери Сүйүнтбековна, фракциянын катчылыгынын эксперти – 1994-жылы туулган, Алибаева Айгерим Абдижалиловна жана А.Мадумаровдун жардамчысы - 1993-жылы туулган Муратбек уулу Азаматка карата жогорудагы кызматтарга орношуу үчүн эмгек китепчелеринде жалган маалыматтарды көрсөткөндүгү аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча УКМК А.Кулмурзаевага, А.Алибаевага жана А.Муратбек уулуна кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзгөн.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактылары тастыкталды. Жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар 379-берененин 2-бөлүмү (Атайылап жасалма документти колдонуу) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган. А.Алибаева менен А.Муратбек уулу жасалма документтерди мойнуна алып, өз каалоолору менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазышкан. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен А.Кулмурзаева ээлеген кызматынан бошотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости