www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматынан алсак, быйыл өлкөдө 28 миллиард сомдон ашуун насыя берилсе, анын ар бир экинчиси буюм-тайым сатып алууга, тойтопур өткөрүүгө жумшалган. Айыл чарба, соода-сатык, өндүрүшкө берилген насыялар тескерисинче азаюуда.
-- Учурда каатчылыктын айынан насыя алган жакыр катмар көбөйдү. Насыянын жумшалышы тууралуу кандай ойдосуң?
-- Кичи насыя берген уюмдар мурда дыкат карап, насыяны мал чарба куроо, соода сыяктуу бизнести өнүктүрүүгө берчү. Соңку жылдары көбүрөөк керектөө насыялары берилип жатат. Азыр тойго, техникага алышат. Кээ бир үй-бүлөдө үч-төрт насыя бар.
Негизи кедей кишилерге насыя алууга болбойт, аларга жеке финансы менен иштөө үчүн билим керек. Насыя негизи байлар үчүн же кимдин финансылык билими жакшы болсо, ошолор үчүн жасалган инструмент.
Эл эч нерсе билбей эле насыя алып жатышат. Башында микрофинансылык уюмдар “бизнес-план кандай түзүлөт? Каржылык пландоо кандай болушу керек?” деген финансылык билим беришчү.
Азыр эч кандай билим бербей туруп, керектөө насыяларын жөн эле таратышууда. Жөнөкөй эл үчүн бул чоң зыян.
Булак: Азия News гезити