www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам өлтүргөн жаран “Коопсуз шаардын” камерасынын жардамы менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын № 4-шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери С.Ибраимов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандын күч колдонулуп, каза болгон денесин табышкан.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, ашкана бычагы табылып, соттук-медициналык, биологиялык, дактилоскопиялык жана химиялык экспертизалар дайындалып жана милиция кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү анын ким экендиги аныкталып, жакын туугандары тарабынан таануу жүргүзүлгөн.

Кылмыш иштин алкагында видеобайкоо камералары менен кылмыш изи изилдене баштаган. Милиция кызматкерлери окуя болгон Бишкек шаарынын С.Ибраимов жана Л.Толстой көчөлөрүнөн баштап “Коопсуз шаар” видеобайкоолор тутумун жакшылап кароо менен шектүү жарандын изине түшүшкөн.

Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 9-ноябрь күнү таңкы маалда Бишкек шаарынын Малдыбаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен туруктуу жашаган жери жок, Жалал-Абад облусунун 47 жаштагы тургуну Н.М кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Маалыматта шектүү мурда эки жолу соттолуп, түрмөдөн чыкканына эки жума болгону жана  ал Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылат. Ал эми алгачкы тергөө иштерини жүрүшүндө экөөнүн ортосунда чыр-чатак чыгып, экөө мушташып кетет да, шектүү маркумду бычак менен сайып жиберип, качып кеткендиги аныкталган. 

Последние новости