www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Нысапсызга кашык сунсаӊ беш ууртайт» - дейт, нысапсызга премьер-министрлик кызматты берип чоӊ кашык сунса, беш эмес, миллиард долларга жыгыла турган, Балыкчы-Корумду жолун кошо ууртайт экен. 2015-жылдын 14-декабрында Кытайга транспорт министри Аргымбек Малабаевди ээрчитип барып Кытай-Өзбек темир жолу менен Балыкчы-Корумду жолунун долбоорун сүйлөшмөк. Бирок, экөө тең Темир Сариевдин өз капчыгы үчүн иштегенинин натыйжасында ишке ашкан жок. Темир Сариев аппетитинин кенендигинен жардамчысы аркылуу 600 миң доллар капчыгына салып, миллиард долларлык Балыкчы-Корумду жолун «аферист» инвесторлорго берип кызматынан кеткен. Кытайлык «Маевский» Ли-Юнь Темир Сариевге Балыкчы-Корумду жолун реконструкциялоо боюнча тендерди алыш үчүн 600 миң доллар пара бергени тууралуу билдирүү жасаптыр. Буга Темир Сариев эмгиче жооп бере элек.
Убагында Акаевге жагынып, Үзөңгʏ-Куушту Кытайга сатып каргышка калган депутаттардын ана башы Жапаров менен Сариев болгон. Булар элдин энчиси болгон «Кумтөрдү» үч ирет сатышты. «Көкөтөйдүн ашы, кѳп чырлардын башы» - дегендей, «Кумтөр» чыры Насирдин Исановду, Бекмамат Осмоновду, Сатыбалды Жээнбековду алып кетип, Акаевдин президенттик «креслосунун» башын жуткан. Сариев Атамбаевди да так эле ошол жолго салган. Эмне Атамбаевдик бийлик Кумтөрдөн тоюнсун деп эл карап отурмак беле? Ансыз деле канадалыктар көп жылдар, бийлик менен кошо соруп бүтүшкөн. Акыркы мезгилдерде дымактуу адамдардын бири Темир Сариев. Анын өмүр баянына көз салып отуруп оркойгон кемчиликтерин көрсөк болот:
Кытайлык Ли-Юнь Сариевге тендерди алыш үчүн 600 миң доллар пара бергени тууралуу билдирүү жасаган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg