www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туудагы күндүн толкунун алуу, туунун авторлоруна болгон сый-урматты сыйрып салууга барабар. Мындай пикирин NazarNews маалымат агенттигине акын Бубаиша Арстанбекова билдирди.

—Кыргыздын туусун жалпы эл жактырып, 1992-жылы 2-мартта көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынган. Эки депутаттын кыргыздын туусун өзгөртүп, күн толкунун түздөп коёлу дегени одоно катачылык. Ошондой эле күн толкунун алуу мамлекеттик туунун авторлоруна болгон сый-урматты сыйрып салууга барабар иш. Тууну өзгөртүүнүн өзү тарыхый жаңылыштык. Тууну алмаштыруу популисттик гана аракет десек болот.

Менин оюмча депутаттар тууну өзгөртүүгө убактысын коротпой, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошкон, жаратман демилгелерди, альтернативдүү долбоорлорду сунушташса болмок. Ошондо мамлекетибизде чындап өзгөрүү болот эле. Тилекке каршы, азыркы тапта эл өкүлдөрү арзыбаган сунуштарды талкууга алышып, убактыларын жөн эле коротуп жатышат, - дейт Бубаиша Арстанбекова

Эске сала кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеште төрага Нурланбек Шакиев туу боюнча маселе көтөрүп, күндүн нурун алмаштыруу керектигин айткан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости