www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кичүүсү 6 айлык...Күйөөсү кордогон үч баланын энеси каза болду

Күйөөсү кордогон үч баланын энеси каза болду. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, ага маркумдун жакындары байланышка чыгышкан.

"Өз жанын кыйды, өлдү. Туугандарынын айтымында, маркум күйөөсү тарабынан зордук-зомбулукка кабылганы. Бирок алар өз жанын кыйганына ишенишпейт. Балдар жетим калышты. Кичүүсү 6 айлык, экөөсү 2 жана 5 жашта”, — деп жазган Назгүл Турдубекова.

Ал кошумчалагандай, эгер аял өзүнүн көйгөйү тууралуу мурда социалдык тармактарга жазган болсо, балким, алар ага жардам берүүгө үлгүрүшмөк.

Укук коргоочу “бул аялдарга агрессор күйөөлөрүнөн сактанууга кантип жардам берет?” деп зордук-зомбулук жөнүндө көп жазбай турууну сунуштаган ЖК депутаты Мирлан Самыйкожого кайрылды,

“Эмне үчүн эркектерге аялдарын өлтүрбөгүлө деп кайрылбайсыңар? Бул “свой за своих” деген унчукпай турган позиция, чынында эле, бардык балдардын жана аялдардын абалын начарлатат. Айыл жана шаар деңгээлинде аялдарды жана балдарды өзүнчө коргой турган социалдык кызматкерлер аз!” - деп белгиледи Назгүл Турдубекова.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости