www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия 2022-жылы январь же февраль айында Украинага каршы согуш аракеттерин башташы күтүлөт. Бул тууралуу Украинанын коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын башчысы Кирилл Буданов Military Times басылмасына берген интервьюсунда билдирди.

Будановдун айтымында, азыр Украина менен чектеш аймактарына Орусия 92 миңден ашуун аскер жайгаштырды. Анын сөзүнө караганда, кышкы суукта кол салуу тобокелчилиги жогору. Анткен менен ал - ыктымал аяз орусиялык жана украиналык аскерлер үчүн маселе жаратпайт деп эсептейт.

Украин чалгын кызматынын маалыматы боюнча, орусиялык аскерлердин бул жолку кол салуусу 2014-жылдагыга караганда бир топ кубаттуу болушу ыктымал.

Буданов - Орусиянын Одесса менен Мариуполго чабуулу аба соккулары, десанттык операциялар жана Беларусь тараптан чопкутталган аскер техникасынын басып кирүүсү менен коштолот деп божомолдойт.

Ал эми орус аскерлеринин негизги бутасы, мурдагыдай эле, Владимир Путин "Новороссия" деп атап келген Украинанын чыгыш жана түштүк аймактары болушу мүмкүн.

Кирилл Будановдун айтымында, Орусия кол салаардан мурун Украинанын согушка жарамдуулугун төмөндөтүү үчүн бир топ "психологиялык операцияларды" жүргүзүшү ыктымал. Бул сыяктуу операцияларга ал азык-түлүк каатчылыгына жана карантиндик чектөөлөргө байланыштуу калк арасында башаламандыктарды уюштуруу аракеттери кирээрин айтты.

Буга чейин Батыш маалымат каражаттары да чет элдик атайын кызматтардын маалыматына таянып, Украинага кол салууга Орусия даярданып жатканын жазып, бирок Кремль акыркы чечимди кабыл ала электигин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости