www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Актөбө облусундагы Алга районуна караштуу Бестамак айылында шарп ылаңы катталды.

"Ылаңдуу мал жем-чөп жей албай, эки күндө арыктап кетет. Кээ бири талаадан оозунан шилекейи куюлуп ооруп келишти. Бекер өлүп калбасын деп малды этке тапшырдык, күйөөм мал доктур. Калган малды бөлүп, ооругандарын антибиотиктер менен дарылап жатышат", - дейт Бестамак айылынын тургуну Салтанат Нургалиева.

Алга районунун борборунда ветеринардык лаборатория жок экенин Бестамактын дагы бир жашоочусу айткан. Ошондуктан мындай шарттарда мал доктурлар облустук борборго - Актөбөгө кайрылышат.

Ишембинин кечинде Бестамак айылынын тургундары жыйын өткөрдү. Анда көптөн бери талкууланып келаткан жергиликтүү чочко фермасы тууралуу сөз болду. Айрымдар экологиялык жагдайлардан улам ферманы жабууну талап кылышууда.

Ферманы иштеткен "Парижская коммуна" компаниясы калдыктарды айылдан алыс эмес чуңкурга таштайт. Айылдыктар ал жак жыттанып кетерин жана оору малга ошондон жугуп жатканын айтышууда.

Актөбө облусунун акиминин орун басары Жаксыгали Иманкулов жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, малдын шарп ылаңына фермадан чыккан калдыктардын тиешеси жоктугун билдирди. Ал ферманы жабуу тууралуу убадасын аткара албай жатканын айтты. Алга районунун акими Нурбол Эржанов шарп ылаңы башка дагы үч айылда катталганын, ал жакта чочко фермасы жок экенин маалымдады.

Шарптын алдын алуу максатында малды эмдөө программасы ишке кирди. Учурда 8 миң баш малга шарпка каршы вакцина берилди.

Шарп - капыстан кармаган жугуштуу оору. Ылаңдуу мал жем-чөп жей албай, оозунан шилекейи куюлат. Ооздун былжыр челинде көп майда ыйлаакчалар пайда болот, ал бат эле жарылып, жарага айланат. Вирус ылаңдуу малдын заңы, заарасы, шилекейи жана сүтү менен сыртка бөлүнүп чыгат. Кишиге ылаңдуу малды бакканда, чийки сүттү ичкенде жана андан даярдалган сүт азыктарын жегенде жугат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости